Кадамжайда алкоголдук продукция мыйзамсыз сакталган кампа табылды

Кадамжайда мыйзамсыз алкоголдук продукция сакталган кампа табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Жийделик айылынын аймагында спирт ичимдиктерин кампага түшүрүп жаткан жеринен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Кампадан 277 миң 950 сомдук 1 миң 580 даана алкоголдук продукция табылган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан