Оштун Кара-Суу районунда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 13-октябрда Кара-Суу райондук милициясына арыз менен үч жаран кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. Малдын жалпы суммасы 210 миң сомду түзөт.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) негизинде иш козголгон.
Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.