Орусияда Су-34 бомбалоочу истребители турак жай кварталына кулады (видео)

Бүгүн Орусиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалымдалгандай, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган. Кубаттуу техника Түштүк аскердик округдун аскерий аэродромунан учуп чыккан.
Бомбалоочу истребителдин учкучтары аман калышкан.
Маалыматка караганда, аба кемеси учарда анын кыймылдаткычтарынын биринен өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Ейск шаарындагы учак түшкөн беш кабаттуу үйдөн 15 батир талкаланганы айтылууда. Өрт болгон жердин аймагы болжол менен эки миң чарчы чакырымга жакын экени кабарланды.
Ал эми каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатканы айтылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин тиешелүү кызматтын жетекчилерине кырсык болгон аймакка барууну тапшырды. Мындан сырткары жабыркагандарга жардам көрсөтүү жагы айтылды.
Бомбалоочу истрибитель кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан