Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема карьерасында биринчи жолу "Алтын топту" жеңип алды.
Өткөн сезондо франциялык чабуулчу Ла Лигада 32 оюнда 27 гол киргизип, 12 жолу голдук пас чыгарып берген. Бензема ошондой эле Чемпиондор Лигасынын 12 оюнунда 15 жолу гол киргизип, өнөктөштөрүнө эки жолу гол киргизүүгө жардам берген. Анын плей-офф баскычындагы оюну командага турнирдин финалына чыгууга жардам берген.
Бензема "Алтын топту" алган бешинчи франциялык футболчу болуп калды. Ага чейин бул сыйлыкты Раймонд Копа (1958), Мишель Платини (1983, 1984, 1985), Жан-Пьер Папен (1991) жана Зинедин Зидан (1998) сыяктуу мекендештери алган.