
Кечээ, 17-октябрь күнү кечинде Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
"2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 21:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди", - деп билдиришти Сейсмология институтунан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.