Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы эс алуу жайларынын биринен 30 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 17-октябрь күнү борбордогу эс алуу жайларынын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы кабарланган.Тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, текшерүү учурунда денесинен жаракат алып каза болгон 1992-жылы туулган У.А экени далилденген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 122-берене (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Изи сууй электе кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 1993-жылы туулган А.И., 1995-жылы туулган Ф.И., 1994-жылы туулган А.Н. жана 2002-жылы туулган О.А. аттуу жарандар экени белгилүү болду.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.