Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Мындан сырткары анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер мирнистрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүдө тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганы, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынган.
Министрлик тергөө кызматы тарабынан Алмазбек Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кошумчалайт.
Ушул жылдын 27-сентябрында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индиянын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча 29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалган.
Андан соң анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев 62 миң 500 доллар өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.
Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.