Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу К.Т.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.