Гүлзада Рыскулова Казакстанда өтүүчү музыкалык фестивалга катышат

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Казакстанда өтүүчү The Spirit of Turkistan этно-заманбап музыкалык фестивалга Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат.

Аталган музыкалык фестиваль 23-октябрда Казакстандын Түркестан жергесинде ачык асман алдында өтөт.

"Түркестан этно-заманбап музыкалык фестивалы 23-октябрда өтөт. Мен аталган фестивалга Кыргызстандын атынан катышып жатам. Эгерде Казакстанда менин күйөрмандарым болсо баарыңыздарды Түркестандын ачык асманында заманбап этникалык кайрыктарга, түрк элдеринин дүйнөсүнөн эргүү алып кетүүгө чакырам", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан