Кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет өкүл ата, өкүл эне болушту. Бул тууралуу ырчылар инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Кудайымдын буйругу менен, биз экинчи ирет өкүл балалуу, өкүл кыздуу болдук. Бактылуу болгула, алтындарым" деп жазган ырчылар.
Айта кетсек, ырчылар буга чейин “Акыркы сабак” сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбекке өкүл ата, өкүл апа болушкан.
Кош жылдыздар жаш түгөйлөргө алгачкы ирет өкүл ата, өкүл апа болгонун жазышкан.