Сөзмөр, шайыр жана шоу-бизнесте көз күйдүргөн бойдок мырза Нурмат Садыров бүгүн , 19-октябрда 34 жашка чыкты. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда:
"Туулган күндү дүңгүрөтүп тосууну туура көрбөйм. Анын ордуна соопчулук иш кылсак туура болмок. Ага карабастан бүгүн бир туугандарым үйгө куттуктап келишиптир. Бүгүн элдин жакшылыгында кызмат кылам, андан кийин шеринелеш достор болуп чай ичебиз. Андай деле шаан-шөкөт болбойт", - деди Садыров.
Нурмат Садыров 1988-жылы 19-октябрда Токтогулдун Торкен айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган.
Бала чагынан чыгармачылыкка кызыгып, ар түрдүү музыкалык сынактарга катышып келген.
Кыргыз эстрадасына жаштайынан аралашкан ырчы чоң сахнага 2007-2008- жылдары "Асылзат" деген ыр менен "Трио" аттуу группа тузуп, аны өзү жетектеп чыккан.
2010-жылдан баштап «Сүйгөн жүрөк» деген ыры менен жеке ырчылыкка аттанган.
2011-жылы "Журогум", 2012-жылы "Сага байланам" деген ырлары менен калың элге тааныла баштаган.
Ырчынын репертуарындагы ырлары:"Торгоюм", "Жан апам", "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым" жана башка.
Ушул жылдын башында Нурмат Садыров ата-энесине Бишкек шаарынан эки кабат үй алып бергенин айтып, социалдык тармактагы баракчасына видеосун жүктөгөн.
SUPER.KG порталына берген маектеринин биринде учурда сүйүктүүсү жок экенин жана биринчи сүйүүсү жубайы болорун айткан.
SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!