Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кабарлангандай, кырсык кечээ, 18-октябрда саат 19:20 чамасында орун алган.
Анда 20 жаштагы жаран Мерседес бенц үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып 47 жаштагы жаранды сүзүп алган. Ал окуя болгон жерден көз жумган.