"Дары-дармекти мыйзамсыз каттаган". Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарынын жана "А" жеке ишканасынын сапатсыз дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз кайра каттоодо, сертификациялоодо жана кийин республиканын аймагына ташып келүүдө көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш аракеттеринин фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясында тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, импорттолуучу дары-дармек каражаттарынын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган.

Мындай жагдайларга карабастан департаменттин кызмат адамдары медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоонун тартибин бузуу менен, зарыл болгон баштапкы документтерди жасалмалоо жана алмаштыруу жолу менен өлкөгө сапатсыз дарыларды тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзүшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда салык төлөөдөн качуунун фактыларын көрсөткөн "кош эсепке жазуу" бухгалтердик каржылык документтер алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда дары-дармек каражатынын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу жана ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын белгилөө боюнча керектүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан