Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Баткенде курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүнө карата Биринчи Май районунун С.Жуманазаров атындагы таэквондо мектебинин ITF боюнча биринчилик өткөрүлөт.

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөн ашык таэквондочулардын катышуусу күтүлүүдө.

Турнирди С.Жуманазаров атындагы Биринчи Май райондук спорт мектеби Кыргыз Республикасынын ITF Original таэквондо федерациясы менен биргеликте (Баш кеңсеси Австрия, Вена) уюштурууда.

Иш-чаранын максаты - сергек жашоого үндөө жана таэквондону өнүктүрүү болуп саналат. Мелдеш саат 12:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан