Ошто 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 18-октябрь күнү болжол менен саат 22.00 чамасында Ош шаарынын 2007-жылы туулган тургунун, жашы жете элек кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалышкан.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.
Күйөө бала болчу жигит 1995-жылы туулган Р. уулу У. анын кылмышка шектүү шериктери 1985-жылы туулган О.Т, 1986-жылы туулган С.З. , 1985-жылы туулган М.У.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 197-беренесинин (никеге туруу үчүн ала качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы эртеӊ, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.