UFC: Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовго катуу жооп кайтарып, атасын эске салды

Америкалык мушкер Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовдун карьерасын улантуунун себептери тууралуу сөзүнө жооп кайтарды.

UFC Russia ютуб каналына берген маегинде Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсонду акча үчүн дагы деле беттештерге чыгып жүрөт деп сынга алган.

"Убакыт өттү. Аны эч ким кайтара албайт. Хабиб эмес, Тони эмес, эч ким. Биздин убактыбыз бар болчу, бирок убакыт кетти. Ошентсе дагы ал беттештерге чыгуусун улантууда. Акча керек да. Америкада салыкты төлөп жашаш керек, ошон үчүн беттештерге чыгат", - деди Хабиб Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедовдун мындай пикирине Фергюсон дароо реакция жасады.

"Оо, семиз, сен качан эркектик сапатка ээ болосуң? Эгер атаң сенин эмнеге айланып бара жатканыңды билсе ачууланмак", - деп жазды Фергюсон Твиттердеги баракчасына.

Кошумчалай кетсек, эки мушкердин беттеши бир нече жолу уюштурулуп, бирок ар кандай себеп менен өткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан