Бишкек-Ош унаа жолуна таш кулап, жолду жаап калды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолуна таш кулап, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 куб таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.
Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨККБнөн АСМ-Пикап автоунаасында 3 куткаруучу жана №30-ЖТИнан 2 бирдик оор техника, облустук ЖКККБдан 1 экипаж тартылып, аталган жол саат 15:13тө бир тараптуу ачылды.
Учурда тазалоо жумуштары уланууда.
Мындан улам узак жолго чыккан айдоочуларды 500 метр аралыкты так сактоону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан