Баткен облусунда алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды. Маалыматты Баткен ОИИБи билдирди.
Ага ылайык, Лейлек районунун Сумбула айылынын тургунунун эки баш уюн мал базарда 2021-жылдын декабрь айында Ош шаарынын 58 жаштагы Б.А. аттуу тургуну 78 000 сомго баалап алып, акчасын бербей качып жүргөн.
Милицияга жабырлануучу 2022-жылдын 18-июнунда арыз менен кайрылган. Анын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси менен (алдамчылык) кылмыш иши козголуп, шектүү Б.А. сот жообунан качып, сотко келбей качып жүргөн.
17-октябрда издөөдө жүргөн Б.А. аттуу жаран Ош шаарынан Лейлек РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда сот иштери уланууда.