Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын ачылыш аземи өттү.
“Жаштык” дирекциясынын аянтында курулган спортзалдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Спортзалдын аянты 1875,2 чарчы метрди түзүп, анда күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар камтылган. Долбоордун сметалык баасы 98 миллион 677,22 миң сом, тендердик баасы 81 миллион 573,98 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Аталган залдын курулушу ушул жылдын 29-апрель күнү башталган.