Футболчу Неймар 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын сот залындагы сүрөттөрү

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар Барселона шаарына сотко катышуу үчүн барды.

Футболчуну "Сантос" клубунан "Барселонага" өткөрүү учурундагы мыйзам бузууларга байланыштуу соттук териштирүүгө келген. Айыптоочу тарап азыраак салык төлөө үчүн компенсациянын чыныгы суммасын жашырышкан деп эсептейт.

Неймар менен бирге анын атасы, "Барселона" клубунун эки экс-президенти Хосеп Бартомеу жана Сандро Роселл сот залына чакырылган. Прокуратура трансфердин реалдуу суммасы жарыяланган 51 миллион 700 миң евро эмес, 107 миллион евро экенин далилдеп жатат.

Эгерде анын күнөөсү далилденсе, анда ал 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, бразилиялык футболчу "Барселонанын" курамында 4 сезон өткөрүп, 2017-жылы жайында "Барселона" Неймарды ПСЖга рекорддук 222 миллион еврого саткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан