Талас облусунун Бакай-Ата районунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында (Боо-Терек айылы) Деу Нексия үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзүп, унаадан өрт чыккан.
Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган Б.К. аттуу эркек жана 1960-жылы туулган Ж.К. аттуу аял киши каза болгон. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, Кара-Буура райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткизип беришкен.