"Тасмага тартылып "девушка" таптым" дейт Бекболот Турдушов

Биргеликте алгачкы ирет маек берип жаткан Бекболот Турдушов жана Бегимай Касымалиева чогуу тасмага тартылышты. Ошондой эле Бекболот тасмага тартылуу учурунда “девушка” тапканын айтып маегибизди шаңга бөлөштү. Күлкүгө бай маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

"Биз буга чейин тасмаларга тартылганбыз, бирок кыскача эпизоддорго гана. Ал эми Бегимай экөөбүз алгачкы жолу чогуу бир тасмада роль жараттык. Эми бизде кичине болсо да тажрыйба бар режиссёрлорго кайрылып кетейин эгер тасмага бизди тартабыз десеңиздер биз даярбыз. Баса, мен тасмага тартылып жатып өзүмө "девушка" таптым", - дейт Бекболот (күлүп)

"Биз азыркы учурда бири-бирибиздин атыбыздан эмес, тасмадагы ысымдарыбыз менен чакырып калдык. Алдыда сонун тасмаларда роль жараткым келет, мени ата-энем жана курбуларым дайыма колдоп турат. Сени көрдүк, маек бериптирсиң же тасмага тартылыптырсың деп мага кубануу менен айтышат", - дейт Бегимай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан