Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК Бишкек шаарынын Түштүк-Чыгыш бөлүгүндө жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймакта берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча иштерди жүргүздү.
Такталгандай, Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан, мыйзамдарды бузуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришкени аныкталды. Буга байланыштуу республиканын суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курууга алып келгендиги анык болду.
Натыйжада Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.