Ысык-Көл облусунун Түп районунда ири өт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп районунун Жылуу-Булак айылынын Кайнар көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросунда чөп күйүп жатат деген маалымат "112" кызматына келип түшкөн.
Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 14:52де чектөөгө алып, саат 17:46да толугу менен өчүрүлгөн.
Тилсиз жоо жалпысынан 500 түк чөп, 250 түк саман, 48 даана стропила, 65 даана шифер жана 88 чарчы метр сарайды кучагына алган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.