Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине Б.А. аттуу шаар тургуну А. аттуу чала таанышына чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызында А. аттуу аял ишенимине кирип, тоок этинин даяр фабрикат азыктарын жеткирип берүүнү убадалап 864 500 сомун алып, дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө, 1981-жылы туулган Ч.А. аттуу аял аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер болсо, төмөнкү телефон номерлер аркылуу милицияга кабар берсе болот: 0 701 00-61-06, 0 500 40-00-01, 0 553 08-75-57 же Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө: 0 312 43-28-15 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан