Токмок шаарындагы жеке аэродромдо окуу-машыгуу учагы кулап түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Кабарлангандай, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Иштин материалдарын транспорт прокуратурасы карап жатат.