"Манчестер Юнайтед" клубу Криштиану Роналдуга эскертүү берди

Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу чабуулчусу Криштиану Роналдуга оюн бүтө электе талааны таштап кеткени үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай жоругу үчүн Роналду эртең, 22-октябрда өтө турган "Челси" клубуна каршы оюнга катышпайт. Ошондой эле команданын башкы машыктыруучусу Роналдуга команда менен чогуу машыгууга уруксат берген эмес.

Буга чейинки "Тоттенхэм" клубу менен болгон оюнда Роналду оюн бүтө электе талааны таштап, бардык буюмдарын алып стадиондон чыгып кеткен. Бул көпчүлүктү нааразы кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан