Ош облусунун Алай районунун Согонду айылында бир жаран сабалып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү саат 21:20 чамасында Алай аймактык ооруканасына 51 жаштагы жаран денесинен жаракат алып кайрылган.
Аталган факты Алай РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган. Текшерүүнүн алкагында шектүү катары айылдашы 36 жаштагы Ш.Т. аттуу жаран кармалып, күнөөнү толугу менен моюнуна алган.
Айтымында жабырлануучу менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурганда пикир келишпестик чыгып, аны сабап качып кеткен. 20-октябрда сабалган жаран ооруканада өзүнө келбей каза болду.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.