Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азербайжанда өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 3-7-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт.
Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:
1. Улан Муратбек уулу, 55 килограмм;
2. Нурмухаммед Абдуллаев, 60 килограмм;
3. Калы Сулайманов, 63 килограмм;
4. Халмурат Ибрагимов, 67 килограмм;
5. Адилхан Нурланбеков, 72 килограмм;
6. Акылбек Талантбеков, 77 килограмм;
7. Калидин Асыкеев, 82 килограмм;
8. Азат Салидинов, 87 килограмм;
9. Үзүр Жусупбеков, 97 килограмм;
10. Эрлан Манатбеков, 130 килограмм,
"Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Дүйнө кубогуна Эл аралык күрөш уюмунун рейтинги боюнча алдыңкы бештикке кирген мамлекеттердин балбандары катышат. Бул рейтинг Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен бекитилген.