Ошто Hyundai Porter унаасын айдай качкан жаран кармалды

Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар бир адамдын аты-жөнү аныкталды. Ал Ош облусунун 1983-жылы туулган тургуну М.Н. болуп чыккан. Шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.
Кармалган жаран тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Араван РИИБине жеткирилди. Ошондой эле ал мүлктү уурдоо менен байланышкан башка кылмыштарды жасоого да шектелүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан