Футбол: Златан Ибрагимовичтин командалашына карата орой мамилеси видеого түшүп калды

Интернетке атактуу футболчу Златан Ибрагимовичтин "Ювентус" - "Милан" беттешинде болгон окуяларга эмоционалдуу реакция жасап, ошол эле учурда жаш командалашына орой мамиле жасаган видео жарыяланды.

Видеодо 41 жаштагы футболчунун оюндун бардык чыңалган учурларын коштогон жигердүү кыймылдарынан тышкары, "Ювентус" клубуна каршы оюнда алмашууда отурган командалаштарын кордогон учурлары да көрсөтүлгөн.

Златан Ибрагимович оюн болуп жаткан маалда жарым коргоочу Алексис Салемейкерстин чачынан тартып, чабуулчу Марко Лазетич отурган отургучту тээп жиберген.

Златан Ибрагимович учурда тизесинен алган жаракатынан улам оюндарга чыга элек. Чабуулчу "Милан" клубунун негизги курамына январь айында кайтып келет деп пландалууда.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-23 13:42:00
Өлөйүн деп калган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан