ПОЭТЕРАПИЯ: "Сага деген сан миң сапты жаратты, сени тиктеп турган ошол бир мүнөт"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Нурайым Марат кызы.

Нурайым Марат кызы 2002-жылдын 18-июлунда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. 2020-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып, учурда аталган окуу жайдын 2-курсунун студенти. "Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү. Жаш чагынан адабият чөйрөсүнө аралашып келет. Каарманыбыздын ырларынын көпчүлүк бөлүгү сүйүү темасында. "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашынын катышуучусу. Көркөм окуу, дилбаян жазуу жана башка сынактарда алдынкы орундарды ээлеген.

ИРМЕМ
Ичиме батпай ак сүйүү, арзуу жалыны,
Имерип өзүң кеттиң го бүтүн баарымды.
Сен турган тарап адеми серүүн жаз болуп,
Бакытка бөлөйт азапта турган жанымды.

Сендик болуу мага бакыт бүтпөгөн,
Сенсиз күндөр муң арманын жүктөгөн.
Кең ааламдан сени сүйдүм берилип,
Адамдардын арасынан жүздөгөн.

Ашыгам өзүң десем көңүл дегдеп,
Артылып сезимдерим сүйүүм күчөп,
Ашыгым айткым келет өзүңдү мен,
Арманды жолотпогон өмүрсүң деп.

Көздөрүңдөн көргүм келип өзүмдү,
Кыялымда жаратамын миң сүрөт.
Сага деген сан миң сапты жаратты,
Сени тиктеп турган ошол бир мүнөт.

Ашык кылып арбап барат ан сайын,
Көздөрүңдүн ичиндеге тереңдик.
Көрүү үчүн көздөрүңдү секундга,
Өмүрүмдү, өзүмдү да берем бүт.

Бул ыр жаз мезгилинде байкоосуздан эргүү келип жазылды эле. Жаз сүйүүнүн деми, махабаттын башталышы эмеспи. Анын сыңарындай бул ырдын жазылышында жаздын да таасири бардай.

АПАКЕМ

Түйшүк тартып мени ааламга жараткан,
Алтын апам айыктырар жараттан.
Бейиш багы таманында катылган,
Жер үстүндө периштемсиз канатчан.

Күн сыяктуу мээримиңиз балкыткан,
Күлкүңүз бар кайгы-муңдан арылткан.
Алтын колуң маңдайымдан сыласа,
Жүрөгүмдө орнойт дайым бакыт шаң.

Сагынып санаага чөмүлөм,
Алыстап апаке өзүңдөн.
Нур жанган жүзүңдү сүрөттөп,
Мен сизге ыр арнайм көңүлдөн.

Башым ием баа жеткис эмгегиңе,
Бар дүйнөңдүн бөлөндүм мээримине.
Апакебай, кетким келет өзүң менен,
Балалыктын бал татыган мезгилине.

Бөлөп мени ай күндүн жарыгына,
Аман болчу апакем сен багыма.
Сиз менен өткөргөн ар мүнөттө,
Жүргөнсүйм мен бейиштин гүлзарында...

Эмнегедир ата-эне, мекен туурасында ыр жазуудан тайманам. Балким, бул улуулуктан бүткөн темаларга ыр жазууга али дараметим жетпейттир. Ошондой болсо да, аракет кылып апа жөнүндө жазган элем.

***

Төгүлүп ырлар арзуунун бүтпөс деминен,
Көмүлүп көөдөн сүйүүгө толуп, демигем.
Өмүргө өбөк, сыйкыры сырдуу сүйүүнүн,
Өкүмүн жандап жашаарым чындык эми мен...

Жүрөктөн дайым махабат үндү жаңыртып
Жүзүңүз жаркыйт, көктөгү күндү чагылтып.
Бүт дүйнөм гүлдөп, сүрөмүн өмүр сүйүүдө,
Өзүңүз барда жашоонун дагы шаңы артып...

Көңүлгө салып сезимдин бүтпөс ыргагын,
Балкыттың мени, бакытка ороп жыргалым.
Кыялга баткан, кызыгы арткан жомоктой
Жазыла берсин жарыгым сизге ырларым...

Кыялда аралап мен махабат гүл бакчасын
Эңсөөмдө сиз элестеп, көрө албай эч башкасын.
Ыр көктөп, гүл ачылган дүйнөңдү сезген үчүн
Арнагым келет сизге арзуунун чын, нактасын...

Ойлосом сени күчтөнөт күүсү жүрөктүн,
Шооласын төгүп жүзүңдөн жылуу күлөт күн.
Чаңкасам эгер чөлүндө жүрүп сүйүүнүн
Ичсем дейм суусун сендеги ыйык мүрөктүн...

Үшүсөм нур дүйнөңөн кайра жылып,
Кайгырсам көңүл сизден жайгарылып.
Ыр жазгым келет сизди сагынганда,
Арзуумдун учкундарын дайра кылып...

Жаз кылган кышты дагы кереметсиң
Жазылууда ыр сизге керемет, миң
Түнөк кылып түпкүрүн жүрөгүмдүн
Асманымдан бакыт нурун себелепсиң...

Багынтып алып, өзүңө жипсиз байладың,
Махабат салып жүрөктү бүтүн жайладың.
Бакыттын балын сен менен гана татчудай,
Баш ийип сага, кыш эмес кооз жайдамын...

"Баланы ыйлаак кылган шоколад, акынды акын кылган махабат" дегендей калем кармап поэзия дүйнөсүнө баш баккан ар адам махабатты биринчи жазса керек. Мен да сүйүү темасына, лирикага жакынмын. Ырга келсек, жасап жазбай, жашап жазган ырлардын өмүр кербени узак болсо керек деген ойдомун. Ал эми эргүү кээде бат-баттан келип, жүрөктүн кагышын тездетсе, кээде бир топко дейре дайынын таптырбай кетет. Бул да болсо жан дүйнөнүн абалынан.

CАГЫНДЫРАМ

Санаам арбын көөдөнүмө сыйбаган,
Унута албай, алсыз жүрөк ыйлаган.
Мен бирөөмүн муңдуу созуп обонун,
Сагынууну күүгө салып ырдаган.

Алоолонтуп сезимиң жалын кылам,
Ашыктырып сүйүүмө жалындырам.
Жүрөгүңө кусаны салып улам,
Мен да сени далайга сагындырам.

Мейли мени сагынбагын, сүйбөгүн,
Сезбегин сен, ак сүйүүдөн күйгөнүм.
Мезгил өтүп, түшүнөсүң бир күнү,
Мендик сүйүү, ашыктыктын гүл өңүн.

Жарты жүрөк эгиз болуп сокподу,
Жан дүйнөм да жалгыз сени жоктоду.
Жараткандын жазмышыдыр бул дагы,
Бир болбоду махабаттын жолдору...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан