Этиятсыздык. Чек ара кызматкери башына ок тийип, жаракат алды

Чек ара кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам башына ок тийип, жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Кабарлангандай, ал "Чалдыбар-унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу аскер экени белгилүү болду.

Аскер кызматкери Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда абалы оор деп айтылып, комага түшүп калганын билдиришти.
Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иш алып барып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2022-10-22 22:28:00
Этиятсыздыктан кантип башына атып алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан