Кадамжай районунда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөр милиция кызматкерлерине карата куралдуу каршылык көрсөтүштү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кылмышты 1994-жылы туулган А.у. Ф. жана 2003-жылы туулган Б.А. жасагандыгы аныкталган.
2022-жылдын 22-октябрында милицияга Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырынын ичинде эки жаран ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жаткан усталар көрүшүп, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.
Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери барган учурда, белгисиз эки жаран ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүшүп, айылдын үстүндөгү тоо тарапка качып жөнөшкөн. Аларды милиция кызматкерлери артынан кууп барышып, куралдуу каршылык көрсөтпөстөн өз ыктыяры менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу (громкоговоритель) жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок атуучу курал менен ок чыгарып, 3 милиция кызматкери жаракат алып ооруканага түшкөн.
Ал эми кылмышка шектүү А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып, жерге жатып берген. Бирок А.у.Ф. өзүнүн ок атуучу куралы менен кайрадан милиция кызматкерлерин көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу (ТОЗ-8) жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар болгон ок атуучу куралы, уктоочу кап (спальный мешок), эки даана кара түстөгү рюкзактын ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошундар) табылып, далил катары алынган.
Азыркы учурда кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Б.А. райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Алдын ала сурамжылоодо жогорудагы кылмыш ишин А. у. Ф. менен бирге жасаганын билдирди.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске салсак, 18-октябрь күнү саат 22:00 чамаларында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы үйгө белгисиз адамдар кирип ата-баланы атып өлтүрүп, андан кийин 1963-жылы туулган аял кишини башка уруп, короодогу мал сарайын өрттөп, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.