Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу коло байгеге ээ болду.
Бул Дүйнө чемпиондугуна кыргыз балбаны 57 килограмм салмакта катышты. Ал жарым финалга чейин жетип, анда индиялык балбанга 10:5 эсебинде утулду. Коло байге үчүн беттеште ал шри-ланкалык балбан менен күрөшмөк. Тилекке каршы, шри-ланкалык балбан килемге чыккан жок.
Муну менен Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.