Бишкектеги "Ош базарында" жарандын телефонун сурап алып, андан ары изин жашырып кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Б.Н. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 18-октябрь күнү "Ош базарынан" 33 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз жаран "чалып алайын" деп сурап, андан ары качып кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө амалдары уланууда.