Ислам Махачев UFC'нин эң мыкты мушкерине чакыруу таштап, жооп алды

UFC уюмунун жаңы чемпиону Ислам Махачев дагы бир белгилүү мушкер Александр Волкановскиге чакыруу таштады.

Махачев Абу-Дабиде өткөн "UFC 280" турниринин негизги беттешинде Чарльз Оливейраны мөөнөтүнөн мурда жеңгенден кийин Волкановскиге чакыруу таштады. Жеңиштен кийин Хабиб Нурмагомедов октагондон Махачев дүйнөдөгү эң мыкты мушкер экенин айтып, Волкановски менен беттешүүгө даяр экенин билдирди.

Андан кийин Ислам Махачев "кеттик, мен даярмын" деди.

Александр Волкановски бул учурда залда болчу. Ал октагонго чыгып "келгиле, бул беттешти өткөрөлү", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-10-23 19:49:00
Азат иним кичине изденгиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан