Орусиялык белгилүү музыкант Витас чиновник менен байланышкан чуулгандуу окуяга кабылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышат.
Андагы маалыматка таянсак, окуя Москва шаарындагы караоке-клубдардын биринде болгон.
"Витас достору менен караоке-клубда эс алып отуруп, жанаша столдогу адамга карата ыплас сөздөр менен кайрылган. Ал киши чырды ырбатпоого аракет кылганына карабастан, Витас газ баллон менен көзүнө чачып жиберген. Аталган клубдун күзөт кызматы келгенде Витас клубдан чыгып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага кайрылган. Ошондой эле чиновник полицияга арыз жазды", - деп айтылат маалыматта.