"Бир аз кечиккенде оор болуп калмак". Кайгуул кызматкерлери 70 жаштагы аялды ооруканага жеткирди

Кайгуул кызматкерлери 70 жаштагы апаны ооруканага жеткирип өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-октябрь күнү кызматкерлер бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда, Горький жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Бирок кызматкерлер унаанын ичиндеги аял кыйналып жатканын көрүп, аларды артынан айдаттырып коштоп жүрүү менен №4 шаардык ооруканага шашылыш түрдө жеткиришкен.

Кийин доктурлар эгерде 4-5 минут кечигип калганда улгайган аялдан айрылып калуу коркунучу бар экендигин айтып, ооруканага жеткирген кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирген.

Эртеси аялдын баласы издеп келип, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан