
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен кабарлашты.
Кабарлангандай, милицияга 2022-жылы 11-августта Ж.Р. аттуу жаран арыз жазган. Анда шаардагы ишканалардын (ЖЧК) биринин башкы директору Э.Н. 2021-жылы июнь айында анын ишенимине кирип, Чүйдүн аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү батирди сатуу шылтоосу менен 69 миң 600 доллар өлчөмүндөгү каражатын алганын айткан. Андан соң убадасын аткарбаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук соту шектүүгө карата 2 айга СИЗО-1ге киргизүү чечимин кабыл алды.
Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилип, тергөө амалдары уланууда.