"Пенсионерди өлтүрө сабаган". 22 жаштагы жаран шектүү катары кармалды

Бишкекте пенсионерди өлтүрө сабаганга шектелген 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, 23-октябрда болжол менен саат 21:10до "102" кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлери үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда пикир келишпестик чыккандыгын такташкан. Анын кесепетинен 83 жаштагы үй ээси катуу сабалып, эсине келбей ооруканага жетпей көз жумган.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ы.Н. аттуу жаран кармалды.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-10-25 18:19:00
Ит экен олум жазасын киргизуу керек ушул сыяктуу иттерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан