Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы мектептин жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Көк-Талаа айылында мектептин жанындагы сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, 1965-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ жана "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.