Сокулук районундагы мечитте садака кутусунан акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Н.Р аттуу жаран кайрылган. Арызында ал 24-октябрь күнү саат 05:50 чамасында мечитке кирип, ал жерден садака кутусунан акча, видеокөзөмөл камерасынын мониторун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчым-изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү катары 25 жаштагы С.Е. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланып жатат.