Көк бөрү: Талас курамасы Ошту жеңди

Бүгүн, 26-октябрда Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданда көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу старт алды.

Анда чүчү кулактын негизинде бир тайпага түшүп калган Талас облусу менен Ош облусунун курамалары кез келип, Талас облусу 5:2 эсебинде жеңишке жетти.

Талас курамасы үчүн салымдарды команда капитаны Жоки Орозбаев, Өмүрбек Эсен уулу (3 салым) жана Нуржан Мелисбек уулу салды. Ал эми Ош облусунан Баяман Муралим уулу 2 салым салды.

Муну менен Талас облусунун курама командасы быйылкы өлкө чемпиондугунда алгачкы жеңишине ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан