Кара-Балта мэриясынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жатканын айтып, чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган.

Анда Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылганы айтылган.

"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү 2000 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Ал Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген. Кармалган жаран К.Т. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан