Ушул жылдын 16-август күнү Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө орун алган каналдын ичинен аялдын жансыз денеси табылган. Ал аял болжол менен 40-45 жашта болушу мүмкүн. Анын сырткы көрүнүшүнөн улутун аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан улам Ош шаардык милициясы аялдын аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
"Боюнун узундугу 160 сантиметр, башы тоголок формада, чачы жок. Башка өзгөчө белгилери жок", - деп билдиришти милициядан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, териштирүү иш-чаралары жургүзүлүүдө.
Милиция эгерде жогорудагы катталган окуя боюнча кандайдыр бир кабар болсо, төмөндөгү байланыш телефондору аркылуу билдирүүнү суранат.
Байланыш телефондору: 0(3222) 4 82 82; 0553 33 33 04; 0501 11 11 31 жана 0777 26 24 17