Бүгүн өздүк майрамын кыргыз эстрада ырчысы Клара Алибекова белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, бул жылы туулган күнүн белгилебей турганын айтты.
"Бул жылы туулган күндү белгилөөгө маанайым деле жок. Бул күндү дайыма тосом деп да айта албайм. Көбүнчө апам, бир туугандарым чогулуп, үйдөн эле белгилеп койчу элек. Ал эми быйыл белгилебесем дагы туулган күндүк куттуктоолорду алып жатам. Биринчилерден болуп уулум куттуктады. Андан кийин бир тууган эжем, досторум дегендей. Өздүк майрамымдын урматына жакындарымдан түрдүү белектерди алып жатам", - дейт ырчы.
Клара Алибекова бүгүн, 27-октябрда 40 жашка толду.
Ырчы Клара Алибекова Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында 1982-жылы төрөлгөн.
Алгач 5-классында “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды аткарып калың элге таанылган. Андан кийин “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” жана башка ырларды аткарган.