Кара-Суу районунда унаа уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну И.Ю. арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 14-августунан 18-августуна чейинки аралыкта Шарк айыл аймагынан ага таандык болгон Мерседес Бенц- 211 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
24-октябрь күнү шектүү катары Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну С.А. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 18-августка караган түнү жабырлануучуга таандык болгон Мерседес Бенц 211 үлгүсүндөгү унаасын айдап качкандыгы аныкталып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.