Астанада Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы болду

Бүгүн, 27-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, К. Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземине Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель да катышты.

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору "Манас" операсынын увертюрасынын фрагментин, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 29-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан