ЖЫЛНААМА, 28-октябрь: Ырчы Кутман Жолдошев 56 жашка толду

Ырчы Кутман Жолдошев Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы айылдагы орто мектебин бүтүрүп, 1985-1987-жылдары Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.

Болочок ырчы алгач сүрөтчү болууну эңсеп, Оштогу Гапар Айтиев атындагы сүрөт мектебин бүтүргөн. 1989-жылы Өзгөндөгү маданият үйүнө ишке орношуп, ал жерде үч жыл иштеген. Ал жактан комуз черткенди, аккордеон тартканды үйрөнгөн. Жакшы иштегендигинен маданият үйүнүн жамааты Жалал-Абаддагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунда окууга жолдомо беришип, аны 1994-жылы техникумду бүтүргөн. Андан соң облустагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда оркестрдин ырчысы болуп иштеп калган. 1996-жылы обончу Арзыбек Бедияров менен таанышып, обончунун ырларын аткарып калган. Алардын бирге иштешүүсүнөн “Кутмандуу жерим”, “Ушундай беле бешене”, “Көргөндө адатым бар күлүп коймой”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” аттуу обондор жаралып, угармандарга тартууланган.

Кутман Жолдошевдин репертуарында Р.Абдыкадыровдун "Алмашым", "Сагынуу", К.Досманбетованын "Унутпадым", А.Корозбаевдин "Коштошууга кыйын ай", Э.Калымовдун "Мекенге таазим" жана башка ырлары бар.
28-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Батя брат
2022-10-28 21:37:00
Жаш көрүнөт экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан